Ысык-Көлгө бараткан унаа кырсыктап, 4 адам каза тапты
Бөлүшүү:
Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсык кечээ, 9-июлда саат 11:00 чамасында Тоң районуна караштуу Кулунду айылында катталган. Анда Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа менен Субару Легаси үлгүсүндөгү унаасы кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен улам 9 адам жабыркаган алардын ичинен 5өө ар кандай жаракат алып 4 адам каза болгон.
ӨКМнын куткаруучулары кырсык болгон жерге барышып, унаага кыпчылып калган адамдардын сөөгүн чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content3752
Добавить комментарий ×