Бишкек мэриясы “Пионер” жана “Комсомол” көлүнө түшпөөнү эскертти
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын “Пионер” жана “Комсомол” көлүндөгү даярдык иштери толугу менен бүткөнчө түшпөй турууга чакырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мэрия тарабынан көлдү тазалоо иштери жүргүзүлмөкчү. “Жашылдандыруу” мекемеси тарабынан 15 жылдан бери биринчи жолу аталган көлдөрдүн түбү жана Каражыгач токойунда жайгашкан туңдургучун тазалоо иштери жүрүп жатат.
Туңдургучтун жалпы аянты - 0,7 га, көлдүн түбүнүн жалпы аянты 6 гектар. “Пионер” көлү -4 га, “Комсомол” көлү - 2 га. Аткарылуучу иштердин көлөмү 0,7 га жана көлдөрдүн тереңдиги 2,2 га, 21 миң м3, алардын бүгүнкү күнү 16,7 миң м3 (80%) тазаланды.
Болжолу менен сууга түшүү мезгили ушул айдын ортосунда ачылат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3746
Добавить комментарий ×