БШК:Шайлоо алдындагы үгүткө 34 жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитациядан өттү
БШК Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган, жана КР БШКга тиешелүү документтерди тапшырган 34 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Алардын ичинен:
-11 телевидение;
-5 радио;
-13 газет-журнал;
-5 интернет-басылма.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүмүнө ылайык, шайлоо өткөрүүдө берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу 20 календардык күндөн кечиктирбестен аккредитациядан өтүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо үгүткө катышууну каалаган ЖМК жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 4-июлунда саат 18:00до аяктаган.
2017-жылдын 7-июлуна чейин ЖМКлар жана интернет-басылмалардан мурун (14-июндан 4-июлга чейин) кабыл алынган документтерди толуктоо иштери жүргүзүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content3711
Добавить комментарий ×