Эки жолу жер титиреди

8 июль 2017 11:26 481 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Кыргызстандын түндүк-түштүк аймактарында 6-июлда эки жолу жер силкинген
Кыргызстанда 6-июлда эки жолу жер титиреди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Биринчи жер титирөө түнкү саат 2.03тө катталып, очогу Күңгөй Ала-Тоо тоосунда, Кайыңдынын чыгышынан 21 чакырым, Тегирментиден 22 чакырым, Тору-Айгырдан 27 чакырым, Балыкчынын түндүк-чыгышынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга жеткен.
Ал эми ңртең мененки саат 8.35де дагы күчү 3 баллга жеткен жер силкинүү катталган.
 
Анын очогу Шералыдан 3 чакырым, Өзгөн шаарынын түштүгүнөн 5 чакырым, Кароолдун түштүк-чыгышынан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан.
 
Жабыр тарткандар жана кыйроолор болгон жок.

Ссылка: https://barometr.kg/content3705



Добавить комментарий