Талас облусунун тургуну кара куурай менен кармалды
4-июль күнү Кара-Буура районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кызыл-Адыр айылынын 31 жаштагы А. Н. аттуу жашоочусунун убактылуу ижарага алып жашап жүргөн үйүн текшерүү үчүн ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлгөн. Бул үйдө убактылуу жашаган жашоочулардын өздүктөрү такталып, текшерүү учурунда үйдүн чатырынан салмагы 865 граммды түзгөн кургатылган кара куурайды табышкан. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү текшерүүлөр болуп, экспертиза жүргүзүлүүдө. Жакынкы күндөрү баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш иши козголгону турат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3701
Добавить комментарий ×