Бишкек шаарында Казакстандын жараны уурулук менен кармалды
Бөлүшүү:
6-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясына Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Себеби 2017-жылдын 6-июль күнү, болжол менен саат 18:20 чамасында, Бишкек шаарынын Жибек-Жолу жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 20-25 жаштагы бала ачык түрдө колунан “Самсунг” маркасындагы уюлдук телефонун жулуп, белгисиз тарапка изин суутуп качып кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирет.
Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 167- беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобунун кызматкерлери ыкчам иш-аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү катары, Казакстан Республикасынын Жамбул облусунун 20 жаштагы тургуну И.И. аттуу жараны кармалып, тергөө иштерин жүргүзүү маалында, аталган кылмышты жасагандыгы жөнүндө өз ыктыяры менен мойнуна алып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына жеткизилип, тергөө амалдары жүргүзүүлүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content3698
Добавить комментарий ×