Бирөөнүн короосундагы авто унааны мыйзамсыз ээлеп алган адам кармалды
Бөлүшүү:
6-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май милициясына Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Себеби 2017-жылдын 6-июль күнү, болжол менен саат 06:00дөр чамасында, Бишкек шаарынын “Ак-Босого” жаңы конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринен, арыз ээсинин кооросунда токтоп турган “ВАЗ-2106” маркасындагы автоунаасын белгисиз адам мыйзамсыз түрдө айдап кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.
Жогорудагы окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын, тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 172-беренесине ылайык (авто унааны мыйзамсыз ээлеп алуу) кылмыш иши козголууда.
Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнын ыкчам кызматкерлери жана Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте, ыкчам иш-аракетинин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 30 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалып, азыркы учурда Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына жеткизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content3696
Добавить комментарий ×