Жол кырсыгынан 3 адам каза болду
Бөлүшүү:
Бишкек-Токмок унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 07:00 чамасында Бишкек-Токмок унаа жолунун 55 чакырымында болгон. Анда жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, жол жээгиндеги тосмону сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 1 адам ооруканага жеткирилген.
Булак: SUPER.KG
Ссылка: https://barometr.kg/content3695
Добавить комментарий ×