Таттыбүбү тирүү болсо 72 жашка чыкмак
Сулуулуктун ханышасы аталган, Кудай ченемсиз сулуулук менен бирге улуу талант берген актирса Таттыбүбү Турсунбаева эгер тирүү болсо быйыл 72 жашка толмок. Ал 1981-жылы 21-декабрда дал ушул күнү 37 жашында көз жумган. Сахна ханышасы 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек кыштагында төрөлгөн. Актриса 1960-жылы 16 жашында биринчи жолу "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги Александр Островский атындагы институттун драма жана кино актёру факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген.
Таттыбүбү Турсунбаева тартылган тасмалар:
1960-жыл, "Салиманын ыры" - Салима
1965-жыл, "Эң тил алчаак" - Айзада
1967-жыл, "Саманчынын жолу" - Жаш Толгонай
1968-жыл, "Ак-Мөөр" - Ак Мөөр
1971-жыл, "Отко таазим" - Уркуя
1972-жыл, "Ак куулар конгон айдың көл" - Зейнеп
1973-жыл, "Атадан калган туяк" - Жээнгүл
1974-жыл, "Сүйүүнүн жаңырыгы" - Асия
1975-жыл, "Кызыл алма" - бейтааныш сулуу
1975-жыл, "Арман"
1976-жыл, "Алтын күз"
1979-жыл, "Процесс" жана башка кино жана театр сахнасында кайталангыс ролдорду аткарган.
Ссылка: https://barometr.kg/content369
Добавить комментарий ×