2016-жылдагы декларация. Мамлекет башчысы канча киреше тапкан?
Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылы 1 246 791 сом иштеп тапкан. Бул тууралуу президенттин киреше декларациясында айтылат.
Ошол эле маалда президенттин чыгашасы 8 385 600 сом болгон жана документте президент аны өзүнүн жеке каражатынан короткону айтылат.
Эскерте кетсек, ЖМКга буга чейин президент муктаж болгон кыргызстандыктарга өзүнүн жеке каражатынан бөлгөнү тууралуу маалыматтар кабарланган.
Мамлекеттик кадр кызматы берген маалыматка таянсак, Алмазбек Атамбаевдин наамына 116,34 чарчы метр жер участогундагы курулуш, 27 000 квадрат метр жер участогу, 64 000 чарчы метрлик аянттагы көп жылдык бак-дарактар отургузулган аянт катталган.
Президенттин жакындары 250 186 сом иштеп табышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content3680
Добавить комментарий ×