Ооган президенти "Таза коом" долбоору менен кызматташууга кызыктар
Ооганстан президенти Ашраф Гани Кыргызстан менен “Таза коом” долбоору боюнча кызматташууга дилгир. Ал жаңы долбоорду ишке ашыруу демилгесин колдой турганын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстанда жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Дүйшөмбүдө күн мурун CASA-1000 долбоорунун катышуучуларынын саммити өттү.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча Ашраф Гани энергетикалык тармак менен катар санариптик технологиялар тармагында, анын ичинде “Таза коом” долбоору менен кызматташууга даяр экенин билдирген.
Ооганстан президенти мындан тышкары ооган студенттеринин Кыргызстандагы окуу жайларда окуусуна мүкүнчүлүк берүүнү сунуштады.
“Таза коом” долбоорунун бет ачары 2017-жылы мартта болгон. Бул убакыт ичинде өкмөт аны эл аралык коомчулукка тааныштырууга үлгүрдү. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча жаңы планды Huawei телекоммуникациялык гиганты, өкмөттү жана мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча дүйнөлүк лидер болгон Эстония жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш колдоду.
Ссылка: https://barometr.kg/content3679
Добавить комментарий ×