Өлтүрүп алган коногун көмүп жаткан кылмышкер видеого түшүп калды (видео)

7 июль 2017 13:03 1500 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Казакстандын Риддер шаарынын тургуну көп кабаттуу үйдүн жанында сөөктү көмүп жаткан эркек адамды видеого тартып алышкан. Бул тууралуу “NUR.KZ” сайты билдирет.
 
Бешинчи район деп аталыган жердеги үйдүн тургундары эртең менен бир адамдын сөөгүн сүйрөп жаткан кишини көрүшкөн. Ошол замат полиция чакырып, болгон окуяны видеого түшүрүп алышкан.
 
Полициянын берген маалыматы боюнча, ичимдик ичүүнүн айынан адам өлүмүнө алып келген окуя катталган. Анда 29 жаштагы кылмышкер 45 жаштагы коногун ур-тепкиге алып, өлтүрүп, кийин сөөгүн көммөк болгон.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3660



Добавить комментарий