Турсунбек Акун президенттик шайлоого аттанды
Бөлүшүү:
“Адам укугу” партиясынын курултайында укук коргоочу, экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун президенттикке талапкерлигин коюусун колдоого алып беришти. Бул тууралуу укук коргоочу өзү маалымдады.
Анын айтымында, партиянын мүчөлөрү аны толугу менен колдоп, “Адам укугу” саясий партиясынын атынан президенттикке талапкер катары көрсөтүшкөн.
“Учурда документтеримди даярдап жатам”,-деп кошумчалады Турсунбек Акун.
Эскерте кетсек, Бордорук шайлоо комиссиясы берген расмий маалыматка таянсак, президенттикке талапкер болгондордун саны учурда 16га жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/content3644
Добавить комментарий ×