Базардагы күтүүсүз антитеррордук машыгуулар коомчулукту кабатыр кылды
Ташкенттин дүң базарларындагы антитеррордук машыгуулар коомчулукту кабатыр кылып, “террор коркунучу жогору” деген айың кептер тарады. Бирок Өзбекстандын ИИМи бул Терроризм жана экстермизм менен күрөшүү башкы башкармалыгынын атайын бөлүктөрүнүн машыгуулары экенин билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Атайын кызматтын жана ички иштер органдарынын кызматкерлери Ташкенттеги дүкөндөрдү, контейнерлерди атайын техника жана иттердин жардамы менен тинтүүгө алышкан. Операция учурунда курулуш базарларынын бири жабылган.
–Негизинен чоң пластик баштыктарды, коробкаларды карашты. Тешкерүүчүлөр өзүлөрүн абдан токтоо алып жүрүштү, болгону бизге: “Чебердегиле, калганына биз жооп беребиз, кабатыр болбогула” дешти. Бирок эмне себептен кабатыр болбошубуз керектигин айтышкан жок,-деди соодагерлердин бири.
ИИМ жана дүң базарлардын администрациясы машыгуу тууралуу алдын ала маалымат берген эмес. Буга байланыштуу эл арасында ыктымал террор тууралуу кеп тараган.
Ссылка: https://barometr.kg/content3642
Добавить комментарий ×