Бүгүн абанын температурасы +40 градуска жакын болот

7 июль 2017 11:10 646 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бүгүн, 7-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19...+24, күндүз +35...+40; Таласта түнкүсүн +15...+20, күндүз +34...+39; Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +34...+39; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32; Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +28...+33;

Бишкек шаарында 7-9-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +36...+38 градус ысык болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content3640



Добавить комментарий