Алайдын тургуну аты менен сууга агып кетип табылбай жатат

7 июль 2017 10:59 528 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Алай районунун тургуну жайытта мал кайтарып жүрүп, Көк-Суу суусуна агып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү аталган райондогу Көк-Суу айылынын Көк-Бел участкасында жайлоодо өзүнүн малдарын карап жүргөн 58 жаштагы А.Н. аттуу тургуну Көк-Суу суусунан ат менен өтүп бара жатып, агып кеткен.

Сууга аккан адамды издөөгө ӨКМнын 5 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундардан 60 адам чыгышып, бирок натыйжа болгон эмес.

Ошол эле күнү саат 22:50дө Республикалык ѳзүнчѳ куткаруу отрядынан кошумча 16 куткаруучу тартылган. Андан сырткары бүгүн, 7-июль күнү саат 04:00дө Бишкек шаарынан суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул жөнөтүлдү. Издөө иштери бүгүн да улантылат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3639



Добавить комментарий