Ата-энелердин акча чогултуусуна депутат каршы эмес

20 декабрь 2016 17:01 554 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ызы-чууга айланып, ата-энелердин мектепке акча чогултуусу бир топ сөздөрү чыгарып келген. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги экономикалык жана фискалдык комитетте дагы  маселе көтөрүлдү. “КСДП” фракциясынын депутаты  Евгения Строкова ата энелердин акча чогултуусуна каршы эмес. “Ата-энелер бизге эмес, мамлекетке жардам берип жатышат. Акчаны чогултуп беришсе, мамлекет  аны мектепке ылайыктап керектүү нерселерди сатып алат”-деген сөзүнө каржы министри Адылбек Касымалиев каршы чыкты. Каржы министринин билдиргенине караганда  мындай иштер мамлекеттик сатып алуулар үчүн чыккан мыйзамдарга карама каршы болуп калат. Талаш-тартыштан кийин бул маселе билим берүү министрлигине жөнөтүлдү.  Министрлик эми ата-энелерге эмне үчүн акча чогултууга мамлекет каршы экендигин түшүндүрүп берүүсү керек.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content363



Добавить комментарий