Алмазбек Атамбаев Махатма Гандинин жайына барды

20 декабрь 2016 15:00 520 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 «Дүйнөнү өзгөртөм десең өзүңдөн башта» -деген учкул сөздүн ээси,  Улуу Индия элинин кол башчысы Махатма Гандинин жайына Алмазбек Атамбаев барып зыярат кылды. Учурда  Кыргызстандын президенти  Алмазбек Атамбаев Индияда иш сапары менен жүрөт.  Алмазбек Атамбаевдин кортежи атчан эскорттун коштоосунда президенттик сарайдын борбордук дарбазасы аркылуу кирип, президенттик Гвардия замбиректерден 21 жолу залп берди. "Биздин өз ара мамилелерде динамикалуу өнүгүү жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн пайдаланыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар", - деп билдирүү тараткан президент учурда эки тараптуу келишимдерге кол коюп, атайын Жогорку даражалуу кызматтагы адамдар менен жолугуп жүрөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/content362



Добавить комментарий