Дүйшөмбүдө CASA-1000 жыйыны өтөт

6 июль 2017 15:42 389 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйшөмбүдө Борбордук жана Түштүк Азияны бириктирүүчү электр түйүнү - CASA -1000 долбоорунун алкагында ага катышып жаткан өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт.

Маалыматка караганда, жолугушууга Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф, Ооганстандын президенти Ашраф Гани, Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышат.Наваз Шариф 5-июлда эки күндүк расмий сапары менен Тажикстанга барды.

Ашраф Гани менен Сооронбай Жээнбековдун тажик борборуна эртең барары күтүлүүдө.6-июлда Дүйшөмбүдө Пакистан премьеринин Тажикстан жана Ооганстан президенттери менен жолугушуусу пландалууда.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул үч тараптуу жолугушууда негизги көңүл саясий карым-катышка, экономикага, аймактык жана эл аралык коопсуздукка каршы коркунучтар менен биргелешип күрөшүү маселелерине бурулат.

Ссылка: https://barometr.kg/content3609



Добавить комментарий