АКШ: Вашингтон Сирия боюнча Москва менен кызматташууга даяр
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон АКШ Орусия менен Сирия боюнча кызматташууга даяр экенин айтты.
Бул тууралуу Тиллерсон 5-июлдун кечинде билдирди.Ал Кошмо Штаттар Орусия менен биргеликте Сирияда деэскалация зоналарын түзүүгө ачык экенин, ошондой эле ок атышууну токтотуу боюнча мониторинг жүргүзүү, жаңы механизмдерди биргеликте түзүү жана гуманитардык жардамды жеткирүүнү камсыздоо боюнча кызматташууга даярдыгын белгиледи.
Мамлекеттик катчынын айтымында, Вашингтон менен Москванын кызматташуусу Сирияда туруктуулукту камсыздамак, анткени АКШнын колдоосуна ээ куралдуу күчтөр Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна чабуулдарын улантууда жана Тиллерсондун сөздөрүнө караганда, аталган топ "болгон күчүн жоготуп, жеңилгени турат".
- Эгер биздин эки мамлекет жеринде туруктуулукту камсыздоо үчүн биргеликте иштесе, бул Сириянын саясий келечегин жөндөөгө негиз болмок.Ал ошондой эле Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтүнүн химиялык куралды колдонуусу үчүн жоопкерчилик Орусияда экенин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content3607
Добавить комментарий ×