РБК: Путин президенттик шайлоого өз алдынча катышат

6 июль 2017 15:33 383 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Орусия башчысы Владимир Путин 2018-жылы президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат. бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

РБК көз карандысыз булактарга таянуу менен Кремлде бул приоритеттүү сценарий катары каралып жатканын айтты.

Басылманын маектештери Путинди “Бирдиктүү Орусия” партиясы гана эмес, коомчулуктун ири катмары колдой турганын белгилеген. Буга байланыштуу РБКнын булактары Путин шайлоого партиянын атынан эмес, өз алдынча барарын айтышкан.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылы 18-мартта өтөт. Путин өзү шайлоого катышар-катышпасын айта элек.

Ссылка: https://barometr.kg/content3605



Добавить комментарий