Экстремал кокусунан киттин артын трамплин катары колдонгон
Бөлүшүү:
Уникалдуу окуя кайтсерфер бүкүр киттин артына чыгып трамплин катары колдоногон учуру видеого тартылып калган. Экстремалдын Калифорниянын жээктериндеги эс алуусу өмүр бою эстен кеткис болуп калды.
Андрей Григорьев Калифорниядагы Крисси Филд пляжында кайтсерфинг же кайтбординг (тактайдын үстүнө туруп кайттын жардамы менен сүзүү) менен машыгуу үчүн барган. Ал камераны атайы арканга орнотуп койгон. Ошентип кадрга киттин үстүндө трамплин катары сүзүп өткөнү түшүп калган.
"Болжолдуу түрдө 15 секундай мен тактайдын алдында бир нерсе бар экенин сездим, андан кийин кит менден анча алыс эмес жерден суудан секиргенин көрдүм", – деди Андрей Григорьев.
Ссылка: https://barometr.kg/content3601
Добавить комментарий ×