Мухамметкалый Абулгазиев: Өзгөчө кырдаалдарда жабыркаган жарандарга жеңилдетилген насыя берилет
«Өзгөчө кырдаалдардын жыйынтыгында жабыркаган жарандарды жеңилдетилген насыя менен каржылоо маселеси чечилет. Жабыркаган жарандар төмөнкү пайыздагы узак мөөнөттүү насыя алышат». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында билдирди. Бул тууралуу КР өкмөтүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жумушчу сапарынын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 2018-жылдын май айында жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит, Кара-Мык жана Жекенди айылдарын жашоочулары менен жолугушту. Биринчи вице-премьер-министр жаңы үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Жолугушууда электр энергиясы, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана социалдык керектөө муктаждыктары көйгөйлөрү көтөрүлдү.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевге козголгон бардык маселелердин чечилишин көзөмөлгө алууну тапшырды.
Ал эскерткендей, жабыркагандарга курулуш материалдары базар баасынан төмөнкү баада жеткирилүүдө. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык, Жекенди айылдарындагы аймактык оорукананын курулушунун жүрүшү, Шибээ жана Кулчу айылдарындагы орто мектептин курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/content3598
Добавить комментарий ×