Баткенде агасынын эки уулун муунткан зөкүр кармалды

6 июль 2017 13:52 792 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Баткенде агасынын үйүнө ууруга кирген адам, байкесинин эки жаш баласын муунтуп өлтүрүп салды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
 
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-июль күнү саат 15:30 чамасында Баткен шаарында болгон. Анда 21 жаштагы жаран үйгө уурулукка кирип, ичтеги 10 жана 9 жаштагы балдарды муунтуп өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
 
“Учурда бул иш боюнча кылмышка шектүү кармалып, кылмыш иши козголду. Ал мурда да сот жообуна тартылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content3597



Добавить комментарий