Жалал-Абадда селден жабыркаган көпүрө калыбына келтирилет
Жалал-Абадда селден жабыркаган коопүрөнү калыбына келтирүү жумушу колго алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Базар-Коргон районунун Арсланбап айыл аймагында 2017-жылдын 5-июль күнү саат 08:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кызыл-Алма участкасында Кара-Арт тоосунан сел суулары агып келип Арстанбап айылы менен Достук лагерин байланыштырган ички чарбалык көпүрөнүн астын толтуруп суу айланып агып калган.
Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн Арсланбап токой чарбасынан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып,жумуш саат 21:20да жумуш аяктаган.
Аталган көпүрө 2000-жылы узундугу 4 метр туурасы 3,5 метр райондук профсоюз комитети тарабынан ашар жолу менен курулган.
Ссылка: https://barometr.kg/content3589
Добавить комментарий ×