Сооронбай Жээнбеков «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуу үчүн Тажикстанга кетти
Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуу үчүн Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
«Дүйшөмбү» эл аралык аба майданынан Өкмөт башчысын Тажикстандын Вице-премьер-министри Азим Иброхим тосуп алды.
Мындан тышкары, «CASA-1000» энергетикалык долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуунун алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани жана Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүсү күтүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content3580
Добавить комментарий ×