Жаңы мектеп ачылды

19 декабрь 2016 20:08 517 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкек шаарынын  Аламүдүн районунун Октябрь айылында 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп ачылып ишке берилди. Эми ал мектеп таза, жарык, окуучулар кышында үшүбөй, жазында ысыбай  баардык шарты менен  иштеп баштайт. Курулуш иши  2015-жылы башталып, ушул жылдын октябрь  айында аягына чыккан.   Билим уясын ачуу үчүн  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышып, өзүнүн куттуктоосун айтып, Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан  200 миң сом өлчөмүндөгү сертификат тапшырып кайтты. 

Ссылка: https://barometr.kg/content358



Добавить комментарий