Жыл башынан бери полициялардын колунан 500гө жакын адам көз жумган
Бөлүшүү:
Жыл башталгандан бери АКШда полициялардын колунан 492 адам көз жумган. Бул тууралуу «Вашингтон Пост» басылымы кабарлады.
Тартип сакчылары атып өлтүргөн ар бир төртүнчү маркум психикалык оору менен ооруган болуп чыкты. Дагы ушунчасы кара түстөгү адамдар. Кайгылуу окуялардын көпчүлүгү Калифорния менен Техас штаттарында катталган. Ошондой эле жарым жыл ичинде 21 полиция кызмат учурунда каза болгон. Бул былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эсе аз.
Эскерте кетсек, «Вашингтон Пост» кабарчылары аталган сурам-жылоону 2014-жылдан бери жургүзуп келишет. Анткени ал кезде Фергюсон шаарында күч түзүмдөр өкүлдөрү жаш өспүрүмдү атып өлтүрүшкөн эле.
Ссылка: https://barometr.kg/content3573
Добавить комментарий ×