10 мүнөт ичинде 72 хот-дог жеген америкалык жаңы рекорд койду
Бөлүшүү:
“Америкалык Джоуи Честнат 10 мүнөттүн ичинде 72 хот-дог жеп, жаңы рекорд орнотту”,-деп кабарлайт “Baq.kz” сайты.
4-июнь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында Эгемендик күнүндө жыл сайынкы “Nathan's Famous Hot Dog Eating Contest” жарышы өттү. Аталган жарышта Честнат эң көп хот-дог жеп, онунчу жолу эң мыктысы аталды.
Айта кетсек, өткөн жылкы рекордду да Честнат орноткон. Ал кезде америкалык 70 хот-дог жеп утушка ээ болгон.
Ал эми аялдар арасында Мики Судо катары менен төртүнчү жолу чемпион аталды. Ал 41 хот-дог жеген.
Жеңүүчүлөргө сыйлык ирээтинде 10 миң доллар менен сыйланышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content3570
Добавить комментарий ×