Бишкекте кир жуучу коомдук жай ачылды

6 июль 2017 09:57 657 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда кир жууп, кургатуучу коомдук жай ачылды. Бул тууралуу аталган долбоордун демилгечиси Аскар Сапарбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.
 
Азырынча бул жайда 3 ири кир жуучу машине бар. Ага жергиликтүү тургундар көлөмдүү кийим-кече, жууркан-төшөгүн алып келип жууп, кургатып алып кетишүүдө.
 
Машинелер Түштүк Кореядан алынып келинип, ар бири 15 килограммдык кирди жууганга ыңгайлашкан.
 
Кардарлар бул жайда өзүлөрү кирлерин салып, жууп бүткөнчө күтүп отуруп алып кетишет.

Ссылка: https://barometr.kg/content3567



Добавить комментарий