"Катуу сабалып, зордукталды" делген 2 жаштагы Ибрагимдин иши боюнча күнөөлүү деп жазага тартууга фактылар жетишсиз

6 июль 2017 09:23 3051 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Катуу сабалып, зордукталды" делген 2 жаштагы Ибрагимдин иши боюнча соттолгон Жаныбек Тулебеков менен Айзада Аккөзованын жактоочусу Бакыт Асамудинов иш калыс каралып, адилет чечим чыгышы керек экенин кечээ, 5-июлда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Жаныбек Тулебеков менен Айзада Аккөзованы күнөөлүү деп жазага тартууга фактылар жетишсиз. "Соттук экспертиза үстүртөн гана жүргүзүлгөн, фактылар жетишсиз. Андан тышкары бул иш президенттин жеке көзөмөлүндө деп мамлекеттик айыптоочулар сотко да басым жасашты. Жадакалса соттор да калыс карагандын ордуна айыптоочунун милдетин аткарган учурлар да болду. Президент иш жакшы каралсын деп Башкы прокуратурага тапшыруусу мүмкүн, бирок анын жеке көзөмөлүндө болуусу мүмкүн эмес. Албетте, бир жаш баланын тагдыры талкаланып жатат.

Бирок бул жерде Жаныбек Тулебековдун 5 кызы да ата-энесиз калып жатпайбы. Алар да Ибрагимдей болуп бирөөнүн колунда тарбияланууга мажбур болуп жатат. Ошондуктан бул иште калыс, адилеттүү чечим чыгарылышы керек", - дейт жактоочу. Андан тышкары Ибрагим азыр Жалал-Абад облусунда өгөй апасынын колунда жашап жаткандыгын кабарлады. "Учурда Ибрагимдин ден соолугу жакшы болуп калган.

Атасы Жалал-Абаддык бир келинге үйлөнүп, баласын анын колуна таштап коюп азыр өзү Бишкекте жүрөт. Апасы кайда экени белгисиз. 3 айлык кезинде таштап кеткен экен, ошол боюнча кабар жок. Атасы сотко келип "булар андай кылмышка барбайт эле, катуу жазалабай эле коюшуңуздарды өтүнөм" деп күбөгө өткөн", - дейт жактоочу.

Айта кетсек, 2015-жылдын 11-январына караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы Жаныбек Тулебеков жана анын аялы Айзада Аккөзова эки айга камакка алынган.

Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында ишти Аламүдүн райондук соту карап, Тулебековду өмүр бою, Аккөзованы 15 жылга эркинен ажыраткан. Буга макул болбогон айыпталуучу тарап апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Азыркы тапта иш облустук сотто каралууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content3562



Добавить комментарий