БУУ Пхеньяндын өзөктүк сыноолоруна карата шашылыш жыйын өткөрөт
АКШ администрациясы Пхеньяндын континент аралык баллистикалык ракета сынаганын тастыктады. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бул Көз карандысыздык майрамына карата Трамптын администрациясына белек экенин билдирди. Акүй коркунучка каршы болгон күчүн жумшай турганын маалымдады.
Түндүк Кореянын сыноолорунун артынан АКШ менен Түштүк Корея корей жарым аралынын чыгыш жээгинде биргелешкен машыгуу өткөрдү, анын жүрүшүндө баллистикалык ракеталардан ок атылды.
Пхеньяндын ырасташынча, "Хвансон 14" үлгүсүндөгү ракета АКШнын континенталдык бөлүгүнө оор өзөктүк ок-дары жеткирүүгө кудуреттүү. Сыноо учурунда ракетанын башкы бөлүгүнүн жогорку температурага жана термелүүгө карата бекемдиги сыноодон өттү.
Кошмо Штаттардын өтүнүчү менен БУУнун Коопсуздук кеңеши шаршембиде Түндүк Кореянын сыноолорунан кийин корей жарым аралында жаралган кырдаалды талкуулоо боюнча чукул жыйынга чогулат. БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерреш Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына карабай, өзөктүк ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген Пхеньяндын аракетин сындады. Ал Түндүк Корея жетекчилигин чагымдардан оолак болуп, эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content3544
Добавить комментарий ×