Астанада Сириядагы чыңалууну басаңдатуу жолдору талкууланууда

5 июль 2017 15:46 461 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Орусия, Иран, Түркия жана АКШнын дипломаттары Казакстандын борборунда Сирия өкмөтү жана айрым оппозициячыл топтордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасын улантып жатат. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, сүйлөшүүлөрдүн бүгүнкү экинчи күнүнө Сириянын куралдуу оппозициясынын айрым делегаттары, анын ичинде “Түндүк жана Түштүк майдандын” өкүлдөрү катышууда.

 

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов кошумчалагандай, Сирия оппозициясынын тогуз адамдан турган делегациясында куралдуу оппозициянын лидери, мурдагы айлампаларда оппозиция делегациясын баштап келген Мохаммед Алуш жок.

 

Орусиянын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Александр Лавреньтевдин айтымында, ал бүгүн сириялык оппозиция делегациясы менен жолугуп, “макулдашууга жетүү, чыңалууну басаңдатуу” жолдору боюнча алардын ойлорун укканы жатат.

 

Казак борборундагы жыйынга БУУнун Сириядагы атайын чабарманы Стеффан де Мистура да катышууда. Астана сүйлөшүүлөрүнө Орусия, Иран, Түркия кепилдик кылат. Мындан сырткары Женевада БУУ демөөрчүлүк кылган башка сүйлөшүү өтүп келет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3542



Добавить комментарий