Туристтик хитке айланган арал (видео)
Бөлүшүү:
Аталган объект Түндүк Каролинанын жээктеринде пайда болгон жана күн өткөн сайын аянты кеңейип келет.
Соцтүйүндөрүндө Американын жээктеринде жаңы пайда болгон аралдын видеосун жүктөп коюшкан. Видео ролик "The Outer Banks в Twitter" микроблогуна жүктөлгөн.
Ракушка аралы деп расмий эмес айтылып келе жаткан кургактыктын узундугу 1,6 километр, туурасы-болжолду турдө 152 метрди түзөт. Видеодо маалымдалгандай, ал күн санап аянты кеңейип келет.
Жергиликтүү тургундардын айтымы боюнча аталган жер апрель айларында пайда боло баштаган. Бул аймак туристтердин арасында белгилүүлүккө ээ болууда. Бирок өзгөчө кырдаал кызматкерлери бул аймакка келүүдөн карманып турууну сунушташат.
Чиновниктер маалымдагандай апрель айынан бери беш адам бул аралда калып, материктен алымтап калышкан. Баардыгы куткарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content3541
Добавить комментарий ×