ИИМ сабалды делген 7 айлык бала боюнча түшүндүрмө берди
Бишкек шаардык ИИББ басма-сөз кызматы 7 айлык бала өз энеси тарабынан сабалды деп тараган маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу 5news.kg булагы кабарлады.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 28-июнунда Свердлов райондук ИИБине, 7 айлык бала денесиндеги жарааттар менен менен түштү деген билдирүү шаардык №3 балдар ооруканасынан келген.
Ыкчам тергөө тобу келип, ооруканага наристе баш мээси жеңил түрдө жабырланып, эски шишиктери менен түшкөнү аныкталган.
Баланын энеси (Бишкектин 1993-жылы туулган жараны) айтымында ал күнү үй иштери менен алектенип жаткан. Кызын диванга отургузуп коюп кечки тамак жасоого кеткен. Бул маалда бала кулап эсин жоготкон.
Коркуп кеткен келин баланы алып көчөгө чуркап чыгып жардам сурай баштаган. Наристени эсине келтириш үчүн бетине чапкылаган. Бул маалда коңшусу чыгып, экөө ооруканага алып барышкан.
Энесинин айтымында наристе мурда да бир нече жолу эс-учун жоготкондуктан бетке чапкылап эсине келтирип турган.
Учурда иликтөө жүрүүдө. Соттук медициналык экспертиза дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/content3530
Добавить комментарий ×