7-9-июлда аптаптуу ысык аба ырайы күтүлөт

5 июль 2017 12:59 544 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 7-9-июлдарында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт:

Көпчүлүк аймактарда абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 6...8º жогру болуп, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана  Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн  20...25°, күндүз 37…42º жылуулукка чейин жогорулошу, тоо этектеринде түнкүсүн  18...23°, күндүз 33…38º чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 15...20°,  күндүз  30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда чыгышында 33...38º жылуулукка, тоолуу райондордо жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 10…15º,  күндүз 32...37º, Жумгал районунда 34...39º жылуулукка, бийик тоолордо түнкүсүн 5…10º, күндүз 20...25º  жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Аба ырайынын мындай ченемден тышкары ысык болгон учурунда денени күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө сунуш кылынат. Айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Ссылка: https://barometr.kg/content3524



Добавить комментарий