Ысык-Көлгө коё берилген дельфиндер
Бөлүшүү:
Ысык-Көлгө эки дельфин коё берилди деген маалымат чындыкка коошпой турганын өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Социалдык тармактарда бай адамдардын бири Ысык-Көлгө эки дельфин коё берди деген маалымат тарап, айрымдары буга ишенип алышкан.
Маалымат кызматтын ырасташынча, дельфиндер Ысык-Көлдө жашап кете албайт. Ага бир топ себептер бар, мисалы суунун курамы жана бийик тоолуу аймак жаныбарларга туура келбейт.
Булак: sputnik.kg
Ссылка: https://barometr.kg/content3509
Добавить комментарий ×