12-августан тартып Кыргызстанда ЕАЭБ 18 техникалык регламенти күчүнө кирет
12-августан тартып Кыргызстанда Еразиялык экономикалык биримдиктин 18 техникалык регалменти күчүнө кирет. Аталган техникалык регламенттер интеграциялык биримдиктеги бардык өлкөлөрдүн аймагында түздөн-түз иштейт жана тоскоолдуксуз ишке ашырылат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бүгүн, 4-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Эльдар Абакиров белгилегендей, муну менен азык-түлүктөрдү рынокко чыгаруунун бирдиктүү системасы түзүлөт, ЕАЭБ рыногуна продукцияларды чыгарууда бирдиктүү документтер жана бирдиктүү кайрылуу белгилери колдонулат.
«Булардын баары техникалык жана административдик тоскоолдуктарды азайтуунун элементтери болуп саналат. Башкача айтканда негизги максат – ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн аймагында товарларды тоскоолдуксуз алып өтүүнү камсыз кылуу болуп саналат», – деп баса белгиледи Эльдар Абакиров.
Ссылка: https://barometr.kg/content3503
Добавить комментарий ×