Күн 42 градуска чейин ысыйт
Бөлүшүү:
Өлкө аймагында ушул айдын онуна чейин күндүн ысыгы +42 градуска чейин ысышы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-9-июль күндөрүнүн аралыгында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан +6...+8 градус жогору болуп, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн +20...+25, күндүз +37…+42 градус жылуулукка чейин жогорулашы күтүлөт. Тоо этектеринде түнкүсүн +18...+23, күндүз +33…+38 градус чейин жетет.
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +30…+35, Ысык-Көл ойдуңунда чыгышында +33...+38 жылуулукка, тоолуу райондордо жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +32...+37 градуска жетиши ыктымал.
Ал эми Жумгал районунда +34...+39 жылуулукка, бийик тоолордо түнкүсүн +5…+10, күндүз +20...+25 градус жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
Белгилей кетсек, аба ырайынын мындай ченемден тышкары ысык болгон учурунда денени күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө сунуш кылынат. Айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунушталат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3494
Добавить комментарий ×