Индияда бир жарым күн ичинде 66 миллион бак отургузулду
Гиннестин рекорддор китебинин байкоочулары бул айлана-чөйрөнү коргоо акциясынын артынан байкоо салышкан.
Индиядагы ири масштабдуу экологиялык иш-аракетке 1,5 млн ашык ыктыярдуу адам катышкан. Алар жарым күн ичинде Мадхья-Прадеш штатындагы Нармада дарыясынын жээгине 66 миллиондон ашуун бак-дарактарды отургузушкан. Бул тууралуу "Индепендент" гезити билдирди.
Гиннестин рекорддор китебине байкоочулары бул курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча жүргүзүлгөн иш-аракетке карата жакын арада чечим кабыл алат.
Өткөн жылы Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы ыктыярчылар 50 миллион бак отургузуп дүйнөлүк рекордду коюшкан.
Индия көмүр кычкыл газын чыгаруунун көлөмү боюнча төртүнчү орунда турат. Париж климаттык келишим боюнча Индия токой аянтын 2030-жылга чейин 95 миллион гектарга көбөйтүүгө убада берген.
Ссылка: https://barometr.kg/content3465
Добавить комментарий ×