Крокодилге үйлөнгөн мер

4 июль 2017 11:17 1721 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мексиканын Оахака штатында балыкчылар шаарынын мэри байыртан келаткан салт боюнча ургаачы крокодилге үйлөнүп, үлпөт тоюн өткөрдү.

Мексиканын Сан-Педро-Хуамелула шаарынын мэри Виктор Агилар (Victor Aguilar) крокодилдин ургаачысына үйлөндү. Бул тууралуу “Лента.Ру” сайты  кабарлады.

Салтка ылайык XVIII кылымдан бери сакталып келе жаткандай Сан-Педро-Хуамелуланын мэрлери жыл сайын крокодилге үйлөнүшөт. Жергиликтүү тургундардын ишеними боюнча бул “балыкчыларга балык улоого жардам берет” делет. Той күнү жырткыч тиштеп салбаш үчүн анын тумшугун байлап коюшкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content3460



Добавить комментарий