Шайлоого аттангандардын саны 15ке жетти
Бөлүшүү:
БШК маалымдагандай, 3-июлда Кыргызстандын дагы үч жаранынан өзүн өзү көрсөтүү жолу менен алдыдагы президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз түштү. Алар: 62 жаштагы пенсионер Замира Муратбекова, 42 жаштагы убактылуу иштебеген Санжарбек Энназаров, ошондой эле «Сүймөнкул Чокморов» атындагы коомдук фонддун 56 жаштагы төрагасы Сагынбек Абдрахманов. Ушуну менен 15-октябрда өтчү президенттик жарышка аттануу ниети менен Боршайкомго документ тапшыргандардын саны 15ке жетти.
Анын он үчү өзүн өзү көрсөтүү жолу менен арыз жазышкан, экөө саясий партиялардан талапкер катары көрсөтүлгөн.
Булак: www.azattyk.kg
Ссылка: https://barometr.kg/content3458
Добавить комментарий ×