Каттоодон өткөн ар бир унаага жеке номер берилет
Бөлүшүү:
Ар бир каттоодон өткөн унаага жеке номер берилет. Системада мындан башка дагы өзгөчөлүктөр бар.
Дүйшөмбүдөн тарта унааларды автоматтык түрдө каттоодон өткөрүү системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, бул система аркылуу транспорттордун бирдиктүү маалымат базасын түзүп, онлайн аркылуу автоматтык эсепке алууну ишке ашырса болот.
Жаңы программа унаанын уурдалганын, камакка алынганын жана насыя алуу үчүн күрөөгө коюлганын онлайн режиминде маалымат базасынан текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Негизги өзгөчөлүгү ар бир унаага идентификациялык номер берилет. Мындай система кызмат көрсөткөн операторлордун ишин жеңилдетет. "Ушул программанын арты менен жарандардын катталган жерине карабастан аларга кызмат көрсөтүүгө жол ачылууда. Мындай система башка мамлекеттик органдарга дагы (ИИМ, Салык, Юстиция министрлиги) киргизилет", — деп Каттоо кызматынан билдиришти.
Учурда ЕАЭБдин алкагында транспорт каражаттарына электрондук паспорт берүү боюнча кошумча функциясы менен жаңы программаны шайкеш келтирүү боюнча иштер аткарылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content3454
Добавить комментарий ×