В.Матвиенко Ысык-Көл облусуна келди

4 июль 2017 10:30 580 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасындагы иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусуна келди.  Бул тууралуу Жогорку кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Ардактуу мейманды Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аба майданынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Жогорку Кеңештин КМШ ПААдагы ыйгарым укуктуу өкүлү -  КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиевдер тосуп алышты. 
 
Белгилей кетсек, сапардын алкагында Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Валентина Матвиенконун жолугушуусу жана алардын "Балдар-Шериктештиги" эл аралык маданий-билим берүүчү форумунун мааракелик иш-чараларына катышуусу күтүлүүдө.
 
КМШга кирген өлкөлөрдүн "Балдар-Шериктештиги" эл аралык маданий-билим берүүчү форуму, жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын (ПАА) жетекчилиги менен өткөрүлүп келет.
Форумга шериктештикке кирген мамлекеттерден - Армения, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген балдар катышат. 
 
Форумдун максаты - ар кандай билим берүү системасына ээ КМШга мүчө мамлекеттердеги мектеп окуучулары менен жаштардын жетишкендиктерин арттыруу жана нравалык, маданий салттык дүйнө таанымын байытуу үчүн алардын пикир алмашуусуна шарт түзүү.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3452



Добавить комментарий