Көмүр казгандар этият болушса...

17 декабрь 2016 16:24 483 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Жалал-Абад областынын  Таш-көмүр шаарында шаарынын УМС аймагындагы Северный шахтасынын жанында өз алдынча көмүр казып жаткан 4 адамды шахта басып калган. Ыкчам жеткирилген  маалыматтын жана өз ишин так билген куткаруучулардын жардамы  менен 1978-жылы туулган, Таш-Көмүр шаарынын тургуну Ч.Б. жана Аксы районун Райкомол айылынын тургуну У.Н. аттуу жарандардын жансыз денелери чыгарылып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын сөөктөрдү кармоочу жайына жеткирилген. Ал эми 1978-жылы туулган К. Д. аттуу жаран Таш-Көмүр шаардык ооруканага жеткизилип, дагы төртүнчүсүн издөө иштери аткарылып жаткан. Натыйжада 1987-жылы туулган   дагы бир жаран 11 сааттан ашык казуу иштеринин натыйжасында тирүү куткарылып калганын ӨМКнын басма сөз кызматы журналисттерге маалымдады. Маалыматта айтылгандай учурда 11 саттан ашык убакыттан бери араң куткарылганДайырбек Байыскуловду   абалы азыр канаатандыраарлык.  Шахтадан адамдарды чыгарууга КР ӨКМнин 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын, Таш-Көмүр шаарындагы тоо-кен куткаруу взводунун 7 куткаруучусу жана Таш-Көмүр шаарындагы экинчи өзүнчө издөө куткаруу отрядынын 21 куткаруучусу иш алып барышып жарандардын сөөгүн чыгарып берип, бир жаранды сактап калышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/content345



Добавить комментарий