Баткенде селдин келтирген чыгымы аныкталды

4 июль 2017 10:15 406 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Баткенде селдин келтирген чыгымы аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 
 
Баткен районунун Актатыр айыл аймагында 2-июль күнү саат 18:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Рават айылында тоолордон сел түшүп, турак-үйлөрдүн короолорун каптаган.
 
Баткен райондук жарандык коргоо комиссиясы тарабынан 2-июль күнү Актатыр айыл аймагында катталган селдин кесепеттерин тактоо иштери жүргүзүлгөн.Анын жайынтыгында Рават айылында селден 3 уй, 2 эчки агып, 5 метр таза суу түтүкчөсү бузулган. Андан сырткары 5 турак жайдын короолоруна сел суулары кирген, 1 чакырым ички чарбалык арык, 3 чакырым ички чарбалык жол ар жеринен сел калдыктарына толгон. Тактоо иштери улантылууда.
 
Тазалоо иштерине жергиликтүү тургундардан 20 адам, райондук Суу чарба башкармалыгынан 1 грейдер тартылган.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3449



Добавить комментарий