Нарында кыян суулар турак үйлөргө кирүүдө

4 июль 2017 09:57 541 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Нарында кыян суулар 25 турак үйгө кирип, учурда кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 
 
Кочкор районунун Соң-Көл айыл аймагында 2017-жылдын 28-июнунда Төлөк айылында саат 12:40 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон кыян суулары “Боз” тилкеси аркылуу өткөн каналга түшүп, суу көп болгондуктан канал жээгинен ашып, жакын жайгашкан 25 турак-жайдын короолоруна кирген. 
 
Жээктерди бекемдөөго айыл аймактан 1 эксковатор жана жергиликтүү калктан 60 адам тартылган.
 
Райондук Жарандык коргоо комиссиясы жээк бекемдөө жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3447



Добавить комментарий