Катуу жааган жаандан улам сел жүргөн

4 июль 2017 09:53 459 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Жалал-Абад облусунда катуу жааган жаандан пайда болгон селдин кесепетин жоюу иштери жүруп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 
 
Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында 2017-жылдын 28-июнунда саат 05:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Кызыл-Октябрь айылында колоттон агып келген сел суулары 8 турак үйдүн короолорун каптаган. 
1-Май айылында Шайдан сугат каналынан сел суулары ашып, 17 турак үйдүн, Аук айылында 7 турак үйдүн короолоруна кирген. Сугат каналы райондук суу чарба башкармалыгынын карамагында турат. Адам өмүрүнө зыян болгон эмес.
 
Селдин кесепетин жоюу үчүн КРнын ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, айыл аймактын Жарандык коргоо комиссиясы, жергиликтүү тургундар тартылган. 
 
Айыл аймактын Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан жеринде тактоо иштери жана тургундар тарабынан турак үйлөрдүн короолорун сел калдыктарынан тазалоо аракеттери улантылууда. Кошумча маалымат берилет. 
 Талдуу-Булак айыл аймагында 28-июнь күнү саат 05:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Кекилик участкасында Базар-Коргон-Арсланбап унаа жолунун 32-чакырымында унаа жолдун 2 жерине сел калдыктары агып түшүп, унаа жол тосулган. Тартылган техниканын жардамында тазалоо иштери жүргүзүлүп, саат 08:20да унаа жолу толугу менен ачылган. 
 
Жаан чачындын кайталап жаагандыгына байланыштуу саат 19:30 чамаларында, ошол эле жерден кайрадан көлөмү болжол менен 280м3 сел калдыктары агып түшүп, унаа жол тосулуп калган. 
 
 Жолду тазалоого №50 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылган.
 
28-июнь күнү саат 22:20да тартылган техниканын жардамында тазалоо иштери жүргүзүлүп, унаа жолу толугу менен ачылган. 
 
 Бешик-Жон айыл аймагында алдын ала маалымат боюнча, 2017-жылдын 28-июнь күнү саат 21:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Карача участкасында Коткор колотунан түшкөн сел суулары болжол менен 20 турак-жайдын короо жайларын каптап, анын ичинен 2 турак жайдын ичине суу кирген. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес, кыйроолор жок.
 
29-июнь күнү ЖК комиссиясы тактоо жана изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Кошумча маалымат берилет.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3446



Добавить комментарий