Чоң Чүй каналында чоң адам жана бир бала менен чөгүп кеткен
Бөлүшүү:
Чүй областында эркек адам менен бала сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу кечээ, 3-июль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 13.50 чамасында ӨКМге Аламүдүн районундагы чоң Чүй каналына бир адамдын чөгүп кеткендиги тууралуу кабар келип түшкөн. Куткаруу кызматкерлери 1967-жылы туулган адамдын сөөгүн табышкан жана милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Кийинчерээк, Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылында сууга жаш бала чөгүп кеткендиги тууралуу кабыр келип түшкөн. 2002-жылы төрөлгөн баланын сөөгүн табыла элек. Куткаруу кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content3445
Добавить комментарий ×