Президент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

3 июль 2017 17:09 379 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөдө экономикалык туруктуулукту жана Кыргызстандын банк системасынын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды.

2016-жылдын жыйынтыктары боюнча 2015-жылга салыштырганда кредиттик портфелдин доллардашуусунун деңгээли 55,1 пайызга, ал эми депозиттик базанын доллардашуусу 65,6 пайыздан 44,5 пайызга чейин төмөндөдү. Быйылкы жылдын 1-июнуна карата кредиттик портфелдин доллардашуусу 42,5 пайызды, ал эми депозиттик базанын доллардашуусу 48,1 пайызды түздү. Банктарды капитализациялоо процесси уланууда, 2017-жылдын 1-июлуна карата банктардын капиталы 600 млн сомго чейин өсүшү керек.

Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөлүк экономикадагы кырдаал туруксуз болуп жаткан шарттарда өлкөнүн финансы-кредит мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуунун маанилүү экенин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы Өкмөт менен бирдикте тобокелдиктерди азайтып, өлкөнүн экономикасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти улантуу зарылдыгын айтты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3423



Добавить комментарий